Сарыкамыш операциясын эскерүү программасы
Биринчи дүйнөлүк согушта Энвер пашанын командачылыгындагы Осмон армиясынын орустар басып алган жерлерди бошотуу үчүн башталган Сарыкамыш операциясынын 110 жылдыгына карата иш-чара өттү.
Сарыкамыш операциясынын 110 жылдыгында шейиттер дагы бир жолу таазим менен эскерилди.
Биринчи дүйнөлүк согушта Энвер пашанын командачылыгындагы Осмон армиясынын орустар басып алган жерлерди бошотуу үчүн башталган Сарыкамыш операциясынын 110 жылдыгына карата иш-чаралардын алкагында Карста өткөрүлгөн шейиттерди эскерүү программасына суук аба ырайына карабастан көп сандаган киши катышты.
Жаштар жана спорт министри Осман Ашкын Бак менен үй-бүлө жана социалдык кызматтар министри Махинур Өздемир Гөкташ Сарыкамыш операциясында шейит болгон аскерлердин жаркын элесине арнап жасалган кар айкелдеринин көргөзмөсүн ачышты.
Министр Бак Сарыкамыш операциясынын чоң бир дастан экенин баса белгилеп: «Биз жаштарыбыздын муну эсинде калтырышын каалайбыз, ошондуктан бул иш-чараны тынымсыз уюштуруп, улантабыз»,-деди.
Үй-бүлө жана социалдык кызматтар министри Гөкташ : «Сарыкамыш шейиттерибиздин эстеликтерин түбөлүккө калтыруу жана бул иш-аракетти балдарыбызга өткөрүп берүү биздин милдетибиз»,-деди.
200 жүк ташуучу унаага толтурулган кар массасынан 7 адамдан турган айкелчилер тобу 10 күндүн ичинде кардан жасаган айкелдерге чоң кызыгуу болду.
Кечээ кечинде шейиттерди эскерүү үчүн факелдик лыжа шоусу да өткөрүлдү.
«Бул жерде уруксат бар» жана «Түркия шейиттери менен жүрүштөрү» деген темалар менен таңга маал өткөрүлгөн эскерүү иш-чарасына көптөгөн облустардан жана чет өлкөдөн жаш-кары дебей көп сандаган адам катышты.
Колдорунда түрк желектери менен миңдеген киши 4,5 километрдик жөө жүрүштөн кийин жеткен шейиттер көрүстөнүндө шейиттер үчүн куран окуп, дуба кылышты.