Транспорт министри ысык аба шары менен учкандардын саны рекордго жеткенин билдирди
Миниср Уралоглу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө 2024 - жылга байланыштуу ысык аба шарынын статистикасын бөлүштү.

Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу өткөн жылы ысык аба шары менен учкандардын саны бардык убактардын рекордунан ашкандыгын билдирди.
Миниср Уралоглу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө 2024 - жылга байланыштуу ысык аба шарынын статистикасын бөлүштү.
Жарандык авиация башкы директорлугунун (DGCA) коопсуз учуу боюнча тренингинин жардамы менен Түркиянын ысык аба шары туризминде шар менен учуу күндөрүнүн саны боюнча дүйнөдө алдыңкы орунга чыкканын белгилеген Уралоглу, өткөн жылдын ысык аба шары туризми жагынан абдан түшүмдүү болгонун айтты.
Уралоглу 2024 - жылы ишке ашырылган учуулар тууралуу : "Кападокия, Памуккале, Соганлы, Чат, Ыхлара, Шанлыурфа Гөбеклитепе,Афьонкарахисар жана Анталья сыяктуу жалпы 8 аймакта 43 миң шар учту. Бул учууларда 933 миң ички жана чет элдик жүргүнчү бардык убактардын жүргүнчү саны боюнча рекордго жетишти. Шар менен учкандардын саны 2023-жылга салыштырмалуу 25 пайызга өсүү көрсөттү",- деп баа берди.
Уралоглу ишке ашкан учуулардын 80 пайыздан көбүнүн Кападокия аймагында ишке ашкандыгына көңүлдөрдү бурду.