Тел-Абьяд тургундары Сириядагы жаңы башкаруудан колдоо талап кылды
Уруулардын билдирүүсүндө Ракка, Дейр-эз-Зор жана Хасеке аймагындагы элдин оор шарттарда жашаганы, ПКК/ЙПГ террористтеринин аймактагы коопсуздук жана гуманитардык шарттарды начарлаткандыгы баса белгиленди.

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) Сириянын улуттук армиясы менен биргеликте жүргүзгөн «Тынчтык булагы» операциясы менен жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГден бошотулган Тел-Абьяд районунда чогулган уруулар, басып алынган жерлердин террордук уюмдан бошотулушун талап кылышты.
Уруулардын билдирүүсүндө Ракка, Дейр-эз-Зор жана Хасеке аймагындагы элдин оор шарттарда жашаганы, ПКК/ЙПГ террористтеринин аймактагы коопсуздук жана гуманитардык шарттарды начарлаткандыгы баса белгиленди.
Террористтердин аймактагы элге карата жер котортуу жана араларында балдар да болгон күчкө салуу менен уюмга тартуу аракеттеринин аймакка кыйроо алып келгендиги белгиленген билдирүүдө : «Миңдеген жарандар үй-жайынан, жеринен ажырап, үй-бүлөлөр качкындар лагерлерине жана коңшу өлкөлөргө тарады. Ошол эле учурда бандалар аймактагы байлыктарды уурдап, элди жакырчылыкка мажбурлашты",- деп айтылды.
Билдирүүдө террордук уюмдун элдин кыйынчылыгын күчөткөндүгү жана кайтуу аракетине тоскоол болгону баса белгиленип, булар айтылды : "Эл аралык коалициядан бул мыкаачы куралдуу топторго каршы олуттуу жана бөгөт коюучу позицияны карманууну, оккупациясын токтотууну жана элдин аман-эсен өз үйлөрүнө кайтып келишин камсыз кылууну талап кылабыз. Мындай колдоо Сирияда мамлекетти кайра куруу аракеттерин күчөтөт жана аймактын ырааттуулугун бекемдейт. Сирия өкмөтүнөн Жазира элинин атынан бандалардын сүйлөшүү аракетин четке кагышын талап кылабыз".