«Astoria Grande» аттуу круиздик кемеси Бартындын Амасра районуна келди
Жылдын биринчи сапарын Амасрага жасаган кеме андан кийин Самсунга карай жолго чыкты.

Россиянын Сочи шаарынан жолго чыккан «Astoria Grande» аттуу круиздик кеме жылдын биринчи сапарын Бартындын Амасра районуна жасады.
Бартындын табияты жана деңизи менен белгилүү туризм борбору Амасра районуна1157 жүргүнчү жана 437 кишилик эипажы менен келген, узундугу 193 метр, кеңдиги 30 метр болгон 11 кабаттуу кеме Амасра портуна якорь таштады.
Процедуралары аяктаган туристтерге порттун чыгышында орус тилиндеги брошюралары берилди. Туристтер андан кийин Амасра музейи, Гранд порт, Амасра чеби жана Кемере көпүрөсү сыяктуу тарыхый жана туристтик жерлерди кыдыруу үчүн порттон чыгышты.
Жылдын биринчи сапарын Амасрага жасаган кеме андан кийин Самсунга карай жолго чыкты.
Амасрага биринчи жолу 2022 - жылы 3 - августта келген "Astoria Grande" круиздик кемеси ушул күнгө чейин районго 60 каттам менен 48 миң 429 жүргүнчү алып келди.