Эрдоган 2024-жылы Түркияда аткарылган иштерге баа берди
Бул тууралуу президент Режеп Таййип Эрдоган социалдык медиа эсебинен билдирүү жасады.

Президент Режеп Таййип Эрдоган 2024-жылы Түркияда аткарылган иштерге баа берди.
Эрдоган социалдык медиа эсебинен жазган билдирүүсүндө, улутка кызмат кылуу жолунда тынымсыз, чаалыкпастан, күнү-түнү берилгендик менен иштешкендерин, өлкөгө ар бир тармакта абдан маанилүү иштерди, кызматтарды, долбоорлорду жана инвестицияларды алып келгендерин баса белгиледи.
Жаңы жылга кирип баратканда 2024-жылы жасалган иштерди жыйынтыктаган Эрдоган, 105 тик учак, 27 учак жана 14 учкучсуз учуучу аппараттар менен токой өртүнө каршы эффективдүү күрөш жүргүзгөндөрүн белгиледи.
Эрдоган 50 жасалма интеллект, 60 авиация жана космос жана 10 изилдөө өнөр жайын курганын айтты.
Ата мекендик жана улуттук байланыш спутниги Түрксат 6Анын өндүрүшүн аяктагандарын белгилеген Эрдоган, дүйнөдө байланыш спутниктерин чыгара алган 11 өлкөнүн бири экендиктерин баса белгиледи.
97 өлкөнүн катышуусу менен 142 аскердик машыгуу өткөрүлгөнүн, Түрк куралдуу күчтөрүнүн күчүн бүткүл дүйнөгө көрсөткөнүн белгилеген Президент: «Аккую атомдук электр станциябыздын 1-реактор турбинасын орнотууну аяктадык. Түркияны дүйнөдөгү атомдук энергияга ээ өлкөлөрдүн катарына кошууга чечкиндүүбүз./.../ Аймактын экспортуна көбөйгөн таасир тийгизе турган, Адана, Мерсин жана бүт Жер Ортолук деңиз аймагынын өнүгүшүнө салым кошо турган Чукурова эл аралык аэропортубузду ачтык. ФЕТӨгө каршы 4902, террордук уюм ДЕАШка каршы 1399 операция жүргүздүк»,-деп айтты.