Эрдоган : "2025 - жылы терроду жок кылабыз"
Президент Режеп Таййип Эрдоган 2025 - жылдан тарта террор маселеси башта болгон түштүк чек араларынын тышында да коопсуздукту камсыздай тургандарын, ал жактан келген коркунучтарды жок кыла тургандарын айтты.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) лидери Эрдоган АК партиянын Балыкесир кезектеги 8 - облустук курултайында сөз сүйлөдү.
Сириядагы жарандык согуштан улам 13 жыл бою кыйынчылык тарткан сириялыктарга жардам бергендерин, адамзаттык сыноодон абийирдүү өткөндөрүн белгилеген Эрдоган: «Сирия элинин башкарууну колго алуусу менен бирдикте бул боордошторубуздан мекенине кайтууну каалагандардын жолу ачылды»,- деди.
Террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүккө басым жасаган президент Эрдоган: «2025-жылдан баштап түштүк чек араларыбыздын тышында (Сириянын түндүгүндө) коопсуздук жана ырааттуулукту камсыз кылуу жана коркунучтарды жок кылуу менен өлкөбүздү Түркия кылымы максаттарына жакындатууда чечкиндүүбүз", - деди.
Тектеш кабарлар

"Гөкдоган" бутасын таамай атты
Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр бул тууралуу видеону социалдык медиада бөлүштү.