Түркиядан Сирияга кайтуулар уланууда
Ички иштер министри Али Йерликая Анадолу агенттигине (AA) билдирүү жасады.
2223573

Сирияда 8-декабрда Баас режими кулатылгандан кийин Түркиядан өлкөсүнө кайтып кеткен сириялыктардын саны 25 миңден ашты.
Ички иштер министри Али Йерликая Анадолу агенттигине (AA) билдирүү жасады.
Түркиядан 15 күндүн ичинде өлкөсүнө кайтып кеткен сириялыктардын санынын 25 миңден ашканын жарыялаган Йерликая, Сириянын борбор шаары Дамаск жана Халепте үзгүлтүксүз эсеп жүргүзүү үчүн Миграция башкаруу бюросунун түзүлө турганын айтты.
Министр Йерликая да президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээки өкмөт жыйынында Сирияга кайтып кеткен үй-бүлөлөр үчүн жаңы брикет үйлөрдү куруу боюнча тапшырма бергенин билдирди.