Куртулмуш:«Түркия Сирияда тынчтыкты орнотуу үчүн бардык жоопкерчиликтерин аткарат»

Куртулмуш расмий сапарынын алкагында барган Түндүк Македониянын борбор шаары Скопьеде Түндүк Македония парламентинин төрагасы Африм Гаши менен жолугушуусунан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

2222870
Куртулмуш:«Түркия Сирияда тынчтыкты орнотуу үчүн бардык жоопкерчиликтерин аткарат»
kurtulmuş 2.jpg
kurtulmuş 3.jpg

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Нуман Куртулмуш:«Түркия Сирияда тынчтыкты орнотуу үчүн бардык жоопкерчиликтерин аткарат»,-деди.

Куртулмуш расмий сапарынын алкагында барган Түндүк Македониянын борбор шаары Скопьеде Түндүк Македония парламентинин төрагасы Африм Гаши менен жолугушуусунан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Нуман Куртулмуш Түркиянын Сирияда ойногон эффективдүү ролуна көңүл буруп, Анкаранын Сириянын кайра курулушунда бардык жоопкерчиликтерин аткара турганын баса белгиледи.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Куртулмуш: «Бардык этникалык, саясий, диний жана секталык айырмачылыктар орун алган Сирияда демократиялык процессти түзүү жана муну менен тынчтыкты орнотуу үчүн Түркия бардык милдеттерин аткарат»,-деди. 

Куртулмуш Скопьеде Түндүк Македониянын премьер-министри Христижан Микоски менен да жолукту.

Нуман Куртулмуш, Түндүк Македониянын премьер-министрлик имаратындагы жолугушууда эки өлкөнүн ортосунда тарыхый тамырлуу карым-катнаштар бар экенин, Түндүк Македония жана түрк тектүү жарандардын өлкөлөрдүн ортосундагы карым-катнаштардын өнүгүүсүндө маанилүү көпүрө болоорун баса белгиледи.  Түндүк Македониянын көп тилдүү жана көп конфессиялуу түзүлүшүнө маани беришкенин, ошондой эле бул түзүлүштүн сакталышы үчүн ар кандай колдоо көрсөтө тургандыктарын билдирди.

НАТОдогу кызматташтыктын да карым-катнаштарда маанилүү фактор экенин жана Түндүк Македониянын Европа Биримдигине мүчөлүгүн колдогондорун белгилеген Куртулмуш, эки тараптуу карым-катнаштарды бардык платформаларда арттырууну каалагандарын белгиледи.

Түркия-Түндүк Македония Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин тез арада түзүлүшүн каалашкандарын белгилеген Куртулмуш Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА), «Юнус Эмре» институту жана «Маариф» фонду сыяктуу мекемелердин иш-чараларына көрсөткөн колдоосу үчүн Түндүк Македония бийлигине ыраазычылык билдирди. 

Куртулмуш коргонуу өнөр жайы, экономика, билим берүү сыяктуу тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүүнү каалагандарын баса белгиледи.

Бир тараптан Нуман Куртулмуш ТИКА жана Македония түрк бейөкмөт уюмдар биримдиги (MATÜSITEB) тарабынан Скопьедеги мейманканада уюштурулган «21-декабрь Түрк тили билим күнү» программасында да сөз сүйлөдү.

Куртулмуш катышуучуларга кайрылып, Сириядагы окуяларга токтолуп: «Түркиянын Сириянын жаңы башкаруусуна жана бүт Сирия элине бере турган эң чоң колдоосу – демократиялык жол көрсөтүү»,-деп айтты.

Парламент спикери Куртулмуш түрк тил майрамынын да көңүл жана маданият майрамы экенин айтты.
Балкандардын; ар кандай этникалык топторду, маданияттарды, тилдерди жана ишенимдерди камтыган цивилизациялык фонго ээ экенин эскертти.

Аземдин алкагында «Түрк тили» темасында поэзия, сүрөт жана композиция сынактарында ийгиликке жетишкен окуучуларга сыйлыктар тапшырылды.

1944-жылы Скопьеде латын тамгалары менен түркчө билим берүү башталган 21-декабрь 2007-жылдан бери Түндүк Македония түрктөрүнүн улуттук майрамы катары белгиленип келет.



Тектеш кабарлар