Түркия куралдуу учкучсуз учуучу аппарат рыногунда дүйнөлүк лидер
Селчук Байрактар Ыспартадагы Сүлейман Демирел университетинде «Улуттук технология кадамы» темасында сөз сүйлөдү.

Улуттук жана ата мекендик куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарды өндүрүүчү "Байкар" компаниясынын башкаруу кеңешинин төрагасы Селчук Байрактар, Түркиянын учкучсуз учуучу аппараттар рыногунда дүйнөлүк лидер экенин жана дүйнөдөгү куралдуу учкучсуз аппараттар рыногунун 65 пайызынын Түркияга таандык экенин баса белгиледи.
Селчук Байрактар Ыспартадагы Сүлейман Демирел университетинде «Улуттук технология кадамы» темасында сөз сүйлөдү.
Байкардын "Байрактар TB2" жана "Акынжы" сыяктуу аппараттары менен эл аралык деңгээлде ийгиликтүү экспортко жетишкенин айтты.
Селчук Байрактар, Түркиянын космостук демилгеси «Фергани» жана «Кызылелма учкучсуз согуштук учагы» сыяктуу долбоорлор менен авиация жана космос тармагындагы ийгиликтерин да түшүндүрдү.
Ошондой эле түрк тилин эң жакшы сүйлөй ала турган тил моделин иштеп чыгуу үчүн аракет кылып жатышканын жана Авиация, космос жана технология фестивалы TEKNOFEST иш-чараларынын чоң кызыгуу жаратканына басым жасады.
Байкардын кирешесинин 90 пайыздан ашыгын экспорттон алганын маалымдаган Байрактар, коргоо өнөр жайындагы ата мекендик өндүрүштүн 80 пайыздан ашканын кошумчалады.
Тектеш кабарлар

Парламенттин спикери Нуман Куртулмуш Японияга расмий сапар менен барат
Куртулмуш жана аны коштогон парламенттик делегация Японияда жашаган түрктөр менен да жолугушат.