ТРТ Перс санарип платформасы эфирге чыга баштады
Санариптик кабар платформасы TRT Persian каналын ишке киргизүү аземи борбор шаар Анкарада өткөрүлдү.




Түркия радио-телеберүү мекемеси (ТРТ) чет тилдердеги берүүлөрүнө жаңысын кошту.
Санариптик кабар платформасы TRT Persian каналын ишке киргизүү аземи борбор шаар Анкарада өткөрүлдү.
Таанытуу программасында сөз сүйлөгөн Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун ТРТнын платформаларынын ийгилигине көңүлдөрдү бурду.
ТРТ Персченин чындык үчүн болгон күрөштүн чыгармасы экенин баса белгилеген Алтун : «Бүгүнкү күнгө чейин ТРТнын санарип платформаларынын миллиондогон жолдоочуга жеткенин билебиз»,-деди.
ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы: «ТРТ Персче менен Иран, Ооганстан жана Тажикстан да болгон 130 миллиондон ашуун перс тилдүү калкы бар кеңири географияга кайрылуу менен бул аймак менен орток маданий байланыштарыбызды бекемдөөнү максат кылуудабыз. Аймак менен туризм, маданият, соода жана билим берүү тармактарындагы карым-катнашыбызга салым кошууну максат кылуудабыз. Перс тилдүү аймактардагы түрктөр жана элдер бири-бирин жакындан таанып-билүү үчүн ишенимдүү маалымат булактарынан пайдаланышы керек»,-деди.
ТРТнын коомдук берүүсү катары Түркиянын эл аралык аренадагы ролуна ылайык иш кылганын белгилеген Собажы: «Президентибиз Режеп Тайып Эрдоган мырзанын жетекчилигинде Түркия адилеттүүлөрдүн укугун коргогон позициясы менен ар дайым эзилгендерге үмүт берет. Биздин өлкө глобалдык жана аймактык кризистердин тереңдешине жол бербөө боюнча активдүү саясат жүргүзүүдө. Өлкөбүз диалогдун жана тынчтыктын дареги катары өзгөчөлөнүп турат». деди ал.
Батыш медиасынын ишенимдүүлүгүн да сындаган ТРТнын башкы директору: «Батыш медиасына ишеним кризиси болуп жаткан мезгилде алар көрмөксөнгө салган маселелерди дүйнөнүн күн тартибине алып чыгуудабыз. Биз журналистика жагынан миллиарддаган адамдарга калыстык жана адилеттүүлүккө негизделген альтернатива сунуш кылуу үчүн күрөшүп жатабыз»,-деп айтты.
Аземде ТРТ Персченин (TRT Persian) эл аралык санарип кабар платформасындагы биринчи кабары сайтка жүктөлдү.
Салтанатка эл аралык миссия башчылары жана медиа тармагынын өкүлдөрү чоң кызыгуу көрсөтүштү. Конокторго Седат Анар триосунун коштоосунда музыкалык кече тартууланды.