Эрдоган Катардын эмири менен жолугушту

Президент Эрдоган Катардын эмири Аль Танини Президенттик комплексте азем менен тосуп алды.

2221576
Эрдоган Катардын эмири менен жолугушту

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркияга келген Катардын эмири шейх Тамим бин Хамед Аль Тани менен жолугушту.

Президент Эрдоган Катардын эмири Аль Танини Президенттик комплексте азем менен тосуп алды.

Эрдоган менен Ал Танинин Президенттик комплексте болгон жолугушуусу басма сөзгө жабык өттү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда жолугушууда Түркия-Катар карым-катнаштары, аймактык жана глобалдык маселелер каралды.

Жолугушууда президент Эрдоган Түркиянын Сириянын жеринин бүтүндүгүн, биримдигин жана унитардык түзүлүшүн сактоо үчүн Сирия калкынын жана башкаруусунун жанында экенин, эл аралык коомчулуктун өлкөнүн кайра куруу процессинде кызматташуусу керектигин белгиледи.

Эрдоган Түркиянын улуттук коопсуздугун коргоо жана Сириядагы туруксуздукту тез арада токтотуу үчүн бардык террордук уюмдарга каршы күрөшүн уланта турганын белгиледи.



Тектеш кабарлар