Собажы: «Быйыл фестивалыбызга 100 башка өлкөдөн келген 1651 кайрылуу болду»
ТРТнын 15-Эл аралык даректүү тасма сыйлыктары быйыл Стамбулда «Алыс болсо да, чындыгында абдан жакын» деген ураан менен өткөрүлдү.

Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемесинин (TRT) башкы директору Мехмет Захид Собажы кеңири диапазондо тартылган даректүү тасмалар менен адамзаттын орток эс тутумуна салым кошкондорун баса белгиледи.
ТРТнын 15-Эл аралык даректүү тасма сыйлыктары быйыл Стамбулда «Алыс болсо да, чындыгында абдан жакын» деген ураан менен өткөрүлдү.
Үйрөнчүк жана профессионал даректүү киночуларды колдоо максатында уюштурулган программа сыйлык тапшыруу аземи менен аяктады.
Стамбулда ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы тарабынан уюштурулган аземге Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун жана дүйнөлүк кинематографиядан көптөгөн коноктор катышты.
ТРТнын башкы директору Собажы 15-ирет өткөрүлгөн иш-чаранын престиждүү сыйлыкка айланганын жана быйыл рекорддук санда кайрылуу түшкөнүн белгилеп, мындай улантты: «Быйыл фестивалыбызга 100 башка өлкөдөн келген 1651 кайрылуу, фестивалыбыздын өткөн мезгилде басып өткөн жолунун жана эл аралык масштабдагы деңгээлге жеткенинин эң негизги белгилери. Бул сандагы кайрылуулар да биздин фестивалыбыздын 15 жылдык жолунда жаңы рекордду белгилейт».
Газада болгон геноцидди эске салган Собажы Батыштын чындыктарга сокур экенин баса белгилеп: «Ар бир мүмкүнчүлүктө адам укуктарын жана эл аралык мыйзамдарды коргойбуз деген батыш өлкөлөрү эзилген Газа элинин кыйкырыгына кулактарын жаап отурушуат. Дүйнөнүн алдыңкы делген агенттиктери жана медиа компаниялары газалыктардын азап-кайгысын көрмөксөнгө салууда. Алардын эки жүздүү мамилесине жооп катары Режеп Таййип Эрдоган мырзанын жетекчилигинде зулум көлөкөсү түшкөн ар бир маселеде болгондой Газада да адилеттүүлүк жана калыстык үчүн намыстуу мамиле көрсөтүлүүдө.Адамзаттын ар-намысы үчүн күрөшүп жаткан Түркиянын коомдук телеканалы ТРТ катары биз туура, бирок алсыз адамдардын үнү болуудан кайра тартпайбыз»,- деди.
Собажы ТРТнын Палестина, Сирия жана башка куугунтуктар болгон аймактарда чындыкты ачуу үчүн ишке ашырган долбоорлоруна токтолду.
Собажы даярдалган кеңири даректүү тасмалар менен адамзаттын орток эс тутумуна салым кошкондорун баса белгилеп:«Көптөгөн престиждүү фестивалдардан алган сыйлыктарыбыз, өзгөчө «Украина согуш күндөлүктөрү» даректүү тасмасы алган «Эл аралык Эмми» сыйлыгы бул тармактагы ийгилигибиздин белгиси»,-деди.
Собажы: «Кабарларыбыз, берүүлөрүбүз жана атайын мазмунубуздан тышкары даректүү тасмаларыбыз менен адамзаттын чындыкты издөөсүнө олуттуу салым кошуудабыз. ТРТ катары бир гана Палестина жана Сирияда эмес, чындыкты издөө болгон жерде бардык күчүбүз менен чындыкты издөөгө салым кошуу үчүн аракетибизди улантабыз»,-деп айтты.
Фестивалда; «Эл аралык категория», «Улуттук кесипкөй категория», «Улуттук студенттик тасмалар категориясы» жана «Долбоорлорду колдоо категориясы» болуп жеңүүчүлөргө 4 номинация боюнча жалпысынан 15 сыйлык тапшырылды.