"Жылдын фотосу" добуш берүүсүндө Түркия биринчи болду
Бул тууралуу улуттук коргоо министрлиги маалымат берди.
2220518
НАТОнун "Жылдын фотосу" добуш берүүсүндө Түркия биринчи болду.
Улуттук коргоо министрлигинин социалдык эсебинен берилген маалыматта буларга орун берилди : "НАТОнун "Жылдын фотосу" добуш берүүсүндө деңиз күчтөрүбүзгө таандык "Амфибия рейди" фотогрфиясы биринчи орунду алды. Колдоосунан улам элибизге жана союздаш өлкө жарандарына ыраазычылык билдиребиз. Сүрөттү тарткан деңиз күчтөрү командирлигинин кызматкери техник, офицер Ясин Каанды куттуктайбыз".
Билдирүүдө Каандын тарткан фотографиясына да орун берилди.