Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер Сириядагы абалдарга токтолду

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер Сирияда ПКК/ЙПГ  террордук уюмунун ал жердеги туруксуздуктан пайдаланышына эч качан уруксат бербей тургандарын айтты.

2220464
Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер Сириядагы абалдарга токтолду

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер Сирияда ПКК/ЙПГ  террордук уюмунун ал жердеги туруксуздуктан пайдаланышына эч качан уруксат бербей тургандарын айтты.

Яшар Гүлер парламенттин жалпы жыйынында министрликтин 2025-жылдын бюджетин талкуулоодо сүйлөгөн сөзүндө Сириядагы абалдарга токтолду.

Асад режиминин 61 жылдан кийин кулашынан кийин Сирияда толук коопсуздук жана ырааттуулуктун түзүлө тургандыгын белгилеген Гүлертеррордук уюм чыгарууга аракет кылган фактыларга уруксат берилбей турганын баса белгиледи.

Сирия Улуттук Армиясынын Тель  -  Рыфат, Ель  -  Бабдын түштүгү жана Манбиж линиясында ийгиликтүү аткарылган операциянын натыйжасында  террордук уюмдун бул аймактардан чегинүүгө мажбур болгонун баса белгилеген министр Яшар Гүлер РКК/ЙПГ террордук уюмунун аянттагы туруксуздуктан пайдалануусуна эч качан уруксат бербей тургандыгын айтты. 

Министр Гүлер : "Сириядагы саясий өткөөлдүн көйгөйсүз жана учурдагы көйгөйлөрдү чечиши үчүн активдүү аракеттерибиз менен демилгелерибизди улантабыз",- деди.

"Эл аралык жамаат Сирияда маанилүү бир мүмкүнчүлүк терезеси ачылган бул тарыхый процесске колдоо бериши керек жана Израилдин кыймылдарына унчукпастан калбоо керек",- деди Гүлер. 

 



Тектеш кабарлар