Тышкы иштер министри Сириядагы абалдар тууралуу маалымат берди
Хакан Фидан менчик телеканалда күн тартибине байланыштуу суроолорго жооп берип, Сириядагы оппозициянын алдыга карай жылышында Түркиянын ролу тууралуу сөз кылды.

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Россия жана Иран менен сүйлөшүп аскердик жактан Сирияга кийлигишпөөлөрү керектигин белгиледи.
Хакан Фидан менчик телеканалда күн тартибине байланыштуу суроолорго жооп берип, Сириядагы оппозициянын алдыга карай жылышында Түркиянын ролу тууралуу сөз кылды.
"Бул операция башталганда жасалышы керек болгон эң орчундуу нерсе орустар жана ирандыктар менен сүйлөшүп, аскердик жактан кийлигишпөөлөрү керек эле",- деген Фидан Катардын борбор шаары Дохада орустар жана ирандыктар менен сүйлөшкөндөрүн, алардын да абалды түшүнгөндөн кийин Башар Асадга телефон чалып, кетиши керектигин айткандарын билдирди.
Фидан Сирияда биримдиктин камсыздалышынын «артыкчылык» экенин баса белгилеп: «Жаңы мезгилдеги максатыбыз эл аралык коомчулукту жана аймактык актерлорду Сирия элин жана Дамаскта жаңыдан түзүлгөн администрацияны колдоо, ээ чыгууга көндүрүп, алар менен бирдикте Сирияда туруктуулукту алып келүү",- деди.
Министр Фидан жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын өлкөдөн чыгышы керектигин баса белгиледи.
"ЙПГны жок кылуу биздин стратегиялык максатыбыз. Башкача айтканда, алар өздөрүн өздөрү таратышат же таратылат", - деген Фидан биринчи этапта тез арада ПКК/ЙПГнын ичиндеги сириялык болбогон террорист согушкер статусундагы элементтердин өлкөдөн чыгышы керектигин баса белгиледи.
Экинчи этапта ЙПГнын бардык командирлик
Экинчи этапта ЙПГнын бардык командирлик деңгээлдеги өкүлдөрү анын ичинде сириялыктардын да өлкөдөн чыгып кетиши керек экенин баса белгилеген Фидан, ПКК тышындагы кадрлардын жаңы администрация менен макулдашуу менен куралдарын таштап, кадимки жашоолоруна кайтып, өз жашоосун улантуулары керектигин айтты.