Сирия тууралуу жыйын Иорданиянын Акаба шаарында өтүүдө
Тышкы иштер министри Хакан Фидандын катышуусунда Сириядагы абалды талкуулаган тышкы иштер министрлеринин жыйыны Иорданиянын Акаба шаарында өтүүдө.
Тышкы иштер министри Хакан Фидандын катышуусунда Сириядагы абалды талкуулаган тышкы иштер министрлеринин жыйыны Иорданиянын Акаба шаарында өтүүдө.
Жыйынга Иорданиянын, Түркиянын, Америка Кошмо Штаттарынын, Сауд Арабиянын, Ирактын, Ливандын, Египеттин тышкы иштер министрлери, Европа Биримдиги менен Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү катышууда.
Сүйлөшүүлөрдөн кийин тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде биргелешкен маалымат жыйыны өткөрүлүшү күтүлүүдө.
Сөз болуп жаткан жыйын Асад режими кулатылгандан кийин Сирия үчүн өткөрүлгөн биринчи эл аралык жыйын болууда.
Иорданиянын чакыруусу боюнча Араб Лигасынын чечими менен Сирия үчүн түзүлгөн жана Иордания, Сауд Арабия, Ирак, Ливан, Египет жана Араб Лигасынын башкы катчысынан турган Араб министрлеринин байланыш комитетинин мүчө өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ), Бахрейн жана Катардын тышкы иштер министрлери 12-декабрда Акабада аймактык жыйын өткөрүшкөн.