Президент Эрдоган партиясынын Эрзурумдагы облустук конгрессинде сөз сүйлөдү
Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын аймактын негизги өлкөсү катары өзгөчөлөнгөндүгүн айтты.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын аймактын негизги өлкөсү катары өзгөчөлөнгөндүгүн айтты.
Адилеттик жана өнүгүү партиясынын лидери жана президент Эрдоган Эрзурумда партиясынын кезектеги 8 - облустук курултайында сөз сүйлөдү.
Акыркы мезгилде дүйнөнүн жана аймактын кыйын күндөрдү башынан өткөрүп жатканын айткан Эрдоган Түркиянын да бардык окуялардан, согуштардан жана кризистерден таасирленгендигин белгиледи.
"Булардын баарына карабастан Түркия бул башаламандыктын ортосунда туруктуулук аралы катары каралууда. Аймактын негизги өлкөсү катары өзгөчөлөнүүдө",- деген президент айланадагы өрттүн Түркияга жайылышына эч качан жол бергендерин, тең салмактуу, туура саясаттар менен бардык бул коркунучтуу процесстерди ийгиликтүү башкаргандарын белгиледи.
Эрдоган Сирияда элдик төңкөрүштүн болгонун, 61 жылдык зулумчулуктун кыргындын жана караңгылыктан кийин Баас режиминин толугу менен кулагандыгын белгилеп : "Халептин, Хаманын, Хомстун, Даранын, Ласкиенин жана Дамасктын көчөлөрүндө көптөгөн жылдардан кийин адамдардын жүзү жылмайып жатат. 13 жылдан бери биринчи жолу сириялык боордошторубуз келечегине үмүт менен карашууда. 13 жылдан бери коргоп келе жаткан Түркия жана түрк калкына чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, дуба кылышууда",- деди.
Эрдоган Сириянын кайрадан курулушунда Сирия калкынын жанында болушарын да баса белгиледи.