Мехмет Нури Эрсой : «Гөбеклитепе көргөзмөсүн 1,2 миллион киши кыдырды"
Италиянын борбор шаары Римдин символу болгон Колизейде ачылган «Гөбеклитепе» көргөзмөсүн 1,2 миллион киши кыдырды.
Италиянын борбор шаары Римдин символу болгон Колизейде ачылган «Гөбеклитепе» көргөзмөсүн 1,2 миллион киши кыдырды.
Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой социалдык медиа эсебинен 24-октябрда Колизейде ачылган «Гөбеклитепе: Ыйык жердин сыры» аттуу көргөзмө тууралуу билдирүү жарыялады.
Билдирүүсүндө : «Тарыхтын нөл чекити Гөбеклитепе дүйнөнүн эң көрүнүктүү курулуштарынын бири болгон Колизейде конокторун тосуп алууда",- деген Эрсой Римдин көрүнүктүү символдорунун бири Колизейде ачылган «Гөбеклитепе: Ыйык жердин сыры» аттуу көргөзмөнүн биринчи күндөн баштап эле чоң кызыгууларды тарткандыгын белгиледи.
Эрсой 24-октябрдан бери көргөзмөгө 1 миллион 242 миңден ашуун киши келгенин айтып : "Түркиянын окшошу маданий мурасын дүйнөнүн чок ортосунда таанытканыбыз үчүн абдан сыймыктанабыз. Көргөзмөбүз Италиянын борборунда март айына чейин конокторго ачык болот",- деди.
Тектеш кабарлар
Евробиримдиктин комиссары Хаджа Лахбиб Түркияга келет
Фидан менен Лахбибдин жолугушуусунда негизги тема терроризм менен күрөшүү болмокчу.