Прзидент Эрдоган АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкенди кабыл алды

Кабыл алууда Түркия менен АКШнын ортосундагы карым-катнаштар, Сириядагы акыркы абалдар, глобалдык жана аймактык маселелер каралды.

2220093
Прзидент Эрдоган АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкенди кабыл алды

Президент Режеп Таййип Эрдоган кечээ кечинде борбор шаар Анкарага келген АКШнын  мамлекеттик катчысы Энтони Блинкенди кабыл алды.

Кабыл алууда Түркия менен АКШнын ортосундагы карым-катнаштар, Сириядагы акыркы абалдар, глобалдык жана аймактык маселелер каралды.

Эрдоган  Түркия-АКШ карым-катнаштарын бардык тармакта жакшыртуу аракетинин жаңы мезгилде да улана турганын айтты.

Түркиянын башынан бери Сириянын жеринин бүтүндүгүн, биримдигин жана унитардык түзүлүшүн коргоону жактаганын белгилеген Эрдоган, Сириядагы мекемелердин жандануусу жана кайра курулушу үчүн эл аралык коомчулуктун биргелешип аракет кылышы керектигин айтты.

Эрдоган, Түркиянын Сирияда иш алып барган жана Түркия үчүн коркунуч булагы болгон ПКК/ПЙД/ЙПГ жана ДЕАШ террордук уюмдары баш болгон бардык террордук уюмдарга каршы биринчи кезекте өзүнүн улуттук коопсуздугу үчүн алдын алуу чараларды көрө турганын,  ДЕАШ менен күрөшкөн бир гана НАТО өлкөсү катары ПКК жана уландыларынын аянттагы  абалды мүмкүнчүлүккө айландыруу аракетине тоскоол болорун, ДЕАШ менен күрөшүүдө алсыздыкка эч качан жол бербей турганын баса белгиледи.

 АКШнын Мамлекеттик департаменти кабыл алуу тууралуу билдирүүсүндө  : «Министр Блинкен күчтүү АКШ-Түркия аймактык кызматташтыгы менен сириялыктардын жетекчилигинде жана сириялыктарга жооп бере ала турган жана камтуучу  өкмөткө саясий  өтүүнү колдоо боюнча  орток кызыкчылыктарыбызды талкуулады",- деп айтылды.

Жолугушууда Сириядагы бардык актерлордун адам укуктарына сый көрсөтүүсү,  эл аралык гуманитардык мыйзамдарга баш ийүүсү жана жарандар менен азчылык топтордун өкүлдөрүн коргоо зарылчылыгы талкууланганы белгиленди.

Кабыл алууда Блинкендин Сириядагы жер которгон адамдарга жардам берүүнүн маанисине жана ДЕАШка каршы коалициянын ишин улантууга көңүл бургандыгы билдирилди.

Министрликтин билдирүүсүндө Энтони Блинкендин  Газада ок атышпоо келишиминин тез арада түзүлүшү керектиги боюнча өз пикирин билдиргени айтылды.

Эсенбога аэропортунда басма сөзгө жабык өткөн кабыл алууга тышкы иштер министри Хакан Фидан да катышты.

Фидан америкалык кесиптеши менен жеке жана делегациялар аралык жолугушуу өткөрдү.

Эки министр Сириядагы жаңы кырдаалга баа беришти.

Сирияда ырааттуулуктун тез арада түзүлүшү керектигин баса белгилеген Хакан Фидан: «Террордун Сирияда болбошу,  ДЕАШ менен ПККнын ал жерде үстөмдүк кылбашы приоритеттерибиздин арасында»,-деди.

АКШнын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Блинкендин Түркияга сапары учурунда Сириядагы өткөөл процесстин изилдөөлөрү жана жекшемби күнү Башар Асад режими кулатылгандан кийин Газада мүмкүн болгон ок атышпоо келишиминин күн тартибинде боло турганы белгиленди.



Тектеш кабарлар