Президент Эрдоган Stratcom Forum 24кө билдирүү жөнөттү
Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркия коммуникация моделинин күчтүүлөрдүн эмес, адилеттүүлөрдүн үнүн угузуу үчүн кайраттуу жана принципиалдуу журналистикадан баш тартпаган мамиленин продуктусу экенин баса белгиледи.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркия коммуникация моделинин күчтүүлөрдүн эмес, адилеттүүлөрдүн үнүн угузуу үчүн кайраттуу жана принципиалдуу журналистикадан баш тартпаган мамиленин продуктусу экенин баса белгиледи.
Президент Эрдоган Стамбулда өткөрүлгөн Эл аралык стратегиялык байланыш саммитине (Stratcom Forum'24) билдирүү жөнөттү.
Түркия кылымы көз карашынын адилеттик, коопсуздук жана чындыкка негизделген коммуникация түшүнүгү менен калыптанганын белгилеген Эрдоган: «Түркиянын коммуникация модели бул түшүнүктүн эң маанилүү көрүнүшү»,-деди.
«Түркиянын коммуникация модели күчтүүлөрдүн эмес, адилеттүүлөрдүн үнүн угузуу үчүн кайраттуу жана принципиалдуу журналистикадан баш тартпаган мамиленин жемиши. Коммуникация башкармалыгыбыз Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемебиз (TRT) жана Анадолу агенттиги башта болгон тийиштүү бардык мекемелерибиздин аракети менен Израилдин 2023 - жылдын 7 - октябрынан бери уланып жаткан кыргынынан бүткүл дүйнөнүн кабардар болушун камсыз кылуу, бул мамиленин эң конкреттүү натыйжалары»,-деди Эрдоган.
Президент кайрылуусунда жасалма интеллект жана санариптик технологиялардын коммуникация тармагына берген мүмкүнчүлүктөр мене алып келе турган тобокелчиликтерге да көңүлдөрдү бурду.
Жасалма интеллекттин глобалдык коопсуздук көйгөйүнө айланганын баса белгилеген Эрдоган, ага каршы көрүлгөн чараларга токтолду.