Министр Кажыр : "Түркия жаңы муундагы авиацияда дүйнө лидери"
Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр коргоо өнөр жайындагы улуттук жана уникалдуу технологиялардын Түркияны дүйнө лидери кылгандыгын айтты.
Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр коргоо өнөр жайындагы улуттук жана уникалдуу технологиялардын Түркияны дүйнө лидери кылгандыгын айтты.
Министр Кажыр Түркия Улуу Улуттук Парламентинин жалпы жыйынында министрликтин бюджеттик талкууларында сөз сүйлөдү.
Коргонуу өнөр жайында жергиликтүү жана улуттук өндүрүшкө көңүлдөрдү бурган Кажыр эмбарголорго карабастан Түркиянын жаңы муундагы авиацияда дүйнө лидери болгонун баса белгиледи.
Министр Кажыр : «Баары билсин, кайсы тармакта жашыруун, ачык эмбарго коюлуп жаткан болсо Түркия ошол тармакта дагы чоң иштерди аткарат. Кайсы система жана кайсы продукция Түркияга берилбесе Түркия дагы жакшыларын өз мүмкүнчүлүктөрү менен өндүрөт. Түрк улуту (куралдуу/ куралсыз учкучсуз учуучу аппараттары) Байрактар менен АКЫНЖЫ менен КЫЗЫЛЕЛМА менен жаңы муундагы авиацияда дүйнө лидери»,- деди.
Түркиянын космостук саякатында ташталган кадамдарынан сөз кылган Кажыр : «Айга жете ала турган саналуу өлкөлөрдүн бири болушубузга мүмкүндүк бере турган улуттук гибрид моторубуз сыноолорду ийгиликтүү аяктады. Космостук өнөр жайыбызды өнүктүрө турган кадамдар менен глобалдык экономикадан ала турган үлүшүбүздү арттырабыз»,- деди.
Тектеш кабарлар
Фидан Хурезану менен сүйлөшүү өткөрдү
Сүйлөшүүдө Фидан, кызматына жаңыдан киришкен кесиптеши Хурезануну куттуктады.