Гутерреш Эрдоганга ыраазычылык билдирди

Баш катчынын Анкара декларациясына байланыштуу  баа берүүсү тууралуу жазуу түрүндө маалымат берилди.

2220285
Гутерреш Эрдоганга ыраазычылык билдирди

Бириккен Улуттар Уюмунун  баш катчысы Антонио Гутерреш Эфиопия менен Сомалинин ортосунда кол коюлган Анкара декларациясын жылуу кабыл алганын белгилеп, президент Режеп Таййип Эрдоганга эки өлкөнүн лидерлерин жакындаштырып, келишимге жетишүүдөгү ролу үчүн ыраазычылык билдирди.

Баш катчынын Анкара декларациясына байланыштуу  баа берүүсү тууралуу жазуу түрүндө маалымат берилди.

Гутеррештин Анкара декларациясын жылуу кабыл алгандыгы билдирилген маалыматта Сомалинин президенти Хасан Шейх Махмуд менен Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмеддин талаштуу маселелерди достук жана өз ара урмат сыйдын алкагында чечүүгө чечим чыгарганы белгиленди.

Маалыматта Гутерриштин техникалык сүйлөшүүлөрдүн башталышын жана процесстин оң натыйжаларын күтөөрү билдирилди.

«БУУнун баш катчысы президент Режеп Таййип Эрдоганга эки өлкөнүн лидерлерин жакындаштыруу демилгеси жана келишимди ишке ашырууда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирет»,-деп айтылган маалыматта  БУУнун процесске  колдоо берүүгө  даяр экени баса белгиленди.



Тектеш кабарлар