Эрдоган Сакарияда партиясынын Кезектеги облустук 8 - курултайына катышты
Президент Режеп Таййип Эрдоган Сириянын башка аймактарын террордук уюмдардан жана баскынчылардан тазалоо менен сириялыктардын баарынын үйлөрүнө ээ болушу үчүн керектүү пайдубалды түптөшө тургандарын айтты.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Сириянын башка аймактарын террордук уюмдардан жана баскынчылардан тазалоо менен сириялыктардын баарынын үйлөрүнө ээ болушу үчүн керектүү пайдубалды түптөшө тургандарын айтты.
Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) лидери Эрдоган Сакарияда партиясынын кезектеги облустук 8 - курултайына катышты.
Сириялыктар менен болгон тарыхый жакын карым-катнаштарга басым жасаган Эрдоган: «Сирияда 2011-жылы башталып 13 жылдан бери уланып келе жаткан кагылышуулар бул абалды башка деңгээлге алып барды. Дүйнөдө бизден башка эч бир өлкө көтөрө албай турган саясий жана социалдык жүктү мойнубузга алдык. Боордоштук мыйзамыбыздын талаптарын аткардык", — деди.
13 жылдан кийин Баас режиминин кулашы менен Сириянын кайрадан боштондукка карай алгачкы кадамын таштаганын белгилеген Эрдоган: «Сириялык бир туугандарыбыз убактылуу башкаруугу түзүп, тартипти жана коопсуздукту камсыздоого киришти. Сирияда үйү, жери, туугандары бар конокторубуз акырындап кайта баштады”,-деди.
Тектеш кабарлар
«Көгүлтүр мекен-2025» машыгуусу аяктады
Бул боюнча Улуттук Коргоо министрлиги (УКМ) билдирүү жасады.