Эрдоган- Бурхан сүйлөшүүсү

Сүйлөшүүдө Түркия-Судан мамилелери, аймактык жана глобалдык маселелер талкууланды.

2220304
Эрдоган- Бурхан сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Судандын Эгемендик кеңешинин төрагасы Абдулфеттах аль-Бурхан менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Сүйлөшүүдө Түркия-Судан мамилелери, аймактык жана глобалдык маселелер талкууланды.

Президент Эрдоган сүйлөшүүдө Түркиянын Сомали менен Эфиопиянын ортосундагы жаңжалдын чечилиши үчүн Анкара процессин демилгелегенин жана келишимдин аймактын тынчтыгына чоң салым кошконун айтты.

Эрдоган, Судан менен Бириккен Араб Эмирликтеринин ортосундагы талаш-тартыштарды чечүү үчүн да Түркиянын кадам ташташы мүмкүн экенин, Суданда тынчтыкты жана ырааттуулукту камсыз кылуу, анын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн сактоо жана өлкөнүн тышкы кийлигишүүлөр аймагына айлануусуна жол бербөө Түркия үчүн негизги принциптер экенин билдирди.

Президент Эрдоган ошондой эле Сирия калкынын 13 жылдык гуманитардык кризистен кийин өз келечегин өзү чече турган баскычка жеткенин, Түркиянын бул процесске салым кошо турганын, Сириянын саясий биримдигинин жана жеринин бүтүндүгүнүн сакталышын колдой турганын, убактылуу өкмөттүн кеңири жана туура кадамдарды таштоосу, Сирия элине кызмат кылуусу жана коңшуларына коркунуч жаратпашы үчүн бул колдоонун мындан ары да улана турганын айтты.



Тектеш кабарлар