Улуттук коргоо министрлиги : "Сирияда террордук топторго уруксат берилбейт"
Министрликтин жумалык маалымат брифингинде Сириядагы абалга байланыштуу маалымат берилди.
Улуттук коргоо министрлиги Сирияда террордук топторго уруксат берилбей тургандыгын билдирди.
Министрликтин жумалык маалымат брифингинде Сириядагы абалга байланыштуу маалымат берилди.
Аймактагы бардык мыйзамдуу актерлордун кылдат жана жоопкерчиликтүү аракет кылышы керектиги белгиленген маалыматта : «Террордук элементтердин аймактагы белгисиздиктен пайдаланып, Сириянын эгемендигин жана жеринин бүтүндүгүн бутага алышына жол бербей турганыбызды дагы бир жолу баса белгилейбиз. Террордук уюмдар менен күрөшүүдө позициябыздын ачык жана толукчечкиндүү экендигибизди баса белгилейбиз»,-деп айтылды.
Израилдин Сирия жерин оккупациялоосуна байланыштуу баа берүүлөр да орун алган билдирүүдө: «Израиль азыр да 1974-жылы кол коюлган Күчтөрдү бөлүү келишимин бузуу менен Израиль - Сириянын ортосундагы бөлүү аймагына кирүүдө жана Сириянын аймагын басып алууда. Сирияда тынчтык жана ишеним үчүн жаңы бир мүмкүнчүлүк жаралып, туруктуулукту бузуучу, чыңалууну арттырган жана карапайым калкты тынчсыздандырган, террордук топторго пайда алып келе турган бул басып алууну катуу айыптайбыз",- деп айтылды.
Билдирүүдө Сирияда ырааттуулуктун түзүлүшүнө тоскоол боло турган кол салуулардын Израиль менен бирге аймак өлкөлөрүнүн жана эл аралык коомчулуктун кызыкчылыгына туура келбей турганы да баса белгиленди.
Тектеш кабарлар
Түрк жана египет делегацияларынын ортосундагы кеңешүүлөр
Тышкы иштер министрлиги X социалдык медиа платформасынан жыйын тууралуу билдирүү бөлүштү.