Сомали менен Эфиопиянын ортосундагы Анкара декларациясы
Сүйлөшүүлөрдөн кийин Сомали менен Эфиопиянын ортосунда Анкара декларациясына кол коюлду.
Президент Режеп Таййип Эрдоган борбор шаар Анкарада Сомалинин президенти Хасан Шейх Махмуд менен жолугушту.
Эрдоган менен Махмуд делегацияларынын коштоосунда сүйлөшүү өткөрдү.
Президент Эрдоган ошондой эле Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмедди кабыл алды.
Эрдоган делегациялардын коштоосунда конок премьер-министр Ахмед менен да жолугушту.
Сүйлөшүүлөрдөн кийин Сомали менен Эфиопиянын ортосунда Анкара декларациясына кол коюлду.
Декларациянын негизинде тараптар, пикир келишпестиктерди жана талаштуу маселелерди артка калтырып, орток өнүгүүгө карай кызматташтыкта чечкиндүүлүк менен алдыга жылууну макулдашканын жарыялашты.
Декларацияга байланыштуу билдирүү жасаган Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун: «Сомали менен Эфиопиянын ортосунда кол коюлган Анкара декларациясы, Түркиянын Африкадагы элдердин жана мамлекеттердин көз алдында ишенимдүү позициясынын маанилүү көрүнүшү»,-деди.
Алтун, темага байланыштуу билдирүүсүндө: «Түркиянын ортомчулугунда Сомали менен Эфиопиянын ортосунда жетишилген бул келишим эки дос өлкө баш болгон бүткүл аймакка, континентке жана дүйнөбүзгө тынчтык, бейпилдик жана ырааттуулук алып келет деп үмүттөнөбүз»,-деди.
Тектеш кабарлар
Улуттук коопсуздук кеңешинин декларациясы жарыяланды
Президенттик комплексте болгон чогулуштун жыйынтыгында Улуттук коопсуздук декларациясы жарыяланды.