Орбан Эрдоган менен жолугушуу өткөрөт

Венгриянын мамлекеттик министри Золтан Ковач X баракчасындагы билдирүүсүндө, Орбандын бүгүн Түркияга сапар жасай турганын маалымдады.

2219618
Орбан Эрдоган менен жолугушуу өткөрөт

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан бүгүн Түркияда президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушат.
Венгриянын мамлекеттик министри Золтан Ковач X баракчасындагы билдирүүсүндө, Орбандын бүгүн Түркияга сапар жасай турганын маалымдады.

Ковач Орбандын «Украина жана Жакынкы Чыгыштагы абалдарды, тынчтык күтүүлөрүн жана эки тараптуу карым-катнаштарды» талкуулоо максатында президент Эрдоган менен жолуга турганын айтты.

Золтан Ковач эки тараптуу жолугушуудан кийин Орбандын Түркия-Венгрия өз ара маданий жылынын жабылыш аземине катыша турганын билдирди. 



Тектеш кабарлар