Эрдогандан Сирия билдирүүсү

Президент Эрдоган Дүйнөлүк адам укуктары күнүндө «Бир туугандыктын жүзү» программасында сөз сүйлөдү.

2219688
Эрдогандан Сирия билдирүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, кандуу Баас режиминин бүтүшү менен Сирияда тынчтык жана коопсуздуктун эшиктери ачылганын айтты.

Президент Эрдоган Дүйнөлүк адам укуктары күнүндө «Бир туугандыктын жүзү» программасында сөз сүйлөдү.

Жыл сайын 10-декабрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк адам укуктары күнүнүн Түркияга жана бүткүл адамзатка, өзгөчө жабыр тарткан жана эзилген аймактарда жашагандарга жакшылык алып келүүсүн каалаган Эрдоган: «Эшигибизге келгендерден түрксүңбү, арабсыңбы же күртсүңбү деп сураган жокпуз. Бизден жардам сурагандардан мусулмансыңбы, христиансыңбы, еврейсиңби деп сураган жокпуз. Муктаж болгондордун ким экендигине, ишенимине, терисинин түсүнө карабастан өлкөбүздүн гана эмес, жүрөгүбүздүн эшигин да ачтык», - деп айтты.

Түркиянын өлкө жана улут катары адамзаттын сыноосунан ийгиликтүү өткөн жерлердин башында Сириянын турганын баса белгилеген Эрдоган, Сирияда тынчтык чөйрөсү тамыр жайган сайын ыктыярдуу кайтуулардын да убакыттын өтүшү менен көбөйөрүнө ишенгенин айтып: «Кандуу Баас режиминин бүтүшү менен Сирияда тынчтык жана коопсуздуктун эшиктери ачылды»,-деди.



Тектеш кабарлар