Эрдоган Орбанды кабыл алды

Президент Эрдоган андан кийин Венгриянын президенти Тамаш Шуйок менен жолугушат.

2219944
Эрдоган Орбанды кабыл алды

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түрк-Венгер маданият жылынын жабылыш аземинин алкагында борбор шаар Анкарага келген Венгриянын премьер-министри Виктор Орбанды Бештепеде кабыл алды.

Кабыл алууда тышкы иштер министри Хакан Фидан жана Венгриянын тышкы иштер жана тышкы соода министри Петер Сийярто да болду.

Эрдоган менен Орбан делегациялар да катыша турган иш тамакта да жолугушат.

Президент Эрдоган андан кийин Венгриянын президенти Тамаш Шуйок менен жолугушат.

Кечинде Түркия менен Венгриянын ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштын 100 жылдыгына карата уюштурулган Түрк-Венгер маданият жылынын жабылыш аземи Бештепеде өткөрүлөт.

Бештепе улут конгресс жана маданият борборундагы аземге эки өлкөнүн президенттери менен бирге Венгриянын премьер-министри Орбан да катышат.

Иш-чарада түрк жана венгриялык өнөрпоздор эки өлкөнүн маданиятын чагылдырган чыгармаларды аткарышат.



Тектеш кабарлар