Энтони Блинкен Түркияга келет

АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалыматына караганда, Энтони Блинкен Иорданиянын Акаба шаарынан кийин борбор шаар Анкарада жолугушууларды өткөрөт.

2219614
Энтони Блинкен Түркияга келет

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Сириядагы акыркы окуялар жана Газадагы ыктымалдуу ок атышпоо процессине байланыштуу абалды сүйлөшүү үчүн бүгүн Түркияга келет.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалыматына караганда, Энтони Блинкен Иорданиянын Акаба шаарынан кийин борбор шаар Анкарада жолугушууларды өткөрөт.

Блинкендин күн тартибинде жекшемби күнү Сирияда Башар Асад режиминин кулатылышынан кийин башталган өткөөл процесс аракеттери жана 14 айдан бери Израилдин кол салууларына дуушар болуп келе жаткан Газада ыктымалдуу ок атышпоо келишими каралат.

Билдирүүдө «Мамлекеттик катчы Блинкен НАТОнун негизги өнөктөштөрүнүн бири Түркияда жогорку даражалуу расмий өкүлдөр менен жолугушуп, терроризмге каршы күрөштөн баштап аймактык стабилдүүлүккө чейинки орток артыкчылыктар боюнча эки тараптуу кызматташууну талкуулайт»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар