Куртулмуш Сириянын жеринин бүтүндүгүн коргоо Түркиянын алдыңкылыктарынын бири экендигин айтты
Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Нуман Куртулмуш Сириянын жеринин бүтүндүгүн коргоо Түркиянын алдыңкылыктарынын бири экендигин айтты.
Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Нуман Куртулмуш Сириянын жеринин бүтүндүгүн коргоо Түркиянын алдыңкылыктарынын бири экендигин айтты.
Нуман Куртулмуш борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн 15 - элчилер конференциясында сөз сүйлөдү.
61 жылдык Баас режими кулагандан кийин Сириянын жеринин бүтүндүгүн коргоо Түркиянын алдыңкылыктарынын бири экенин белгилеген Куртулмуш: «Конституциялык түзүлүшкө ээ демократиялык Сириянын курулушун каалайбыз»,-деди.
"Жакын географиябызда башта Сирия болуу менен террордон тазаланган географиянын түзүлүшү да Түркиянын келечеги үчүн маанилүү»,-деген Түркия Улуу Улуттук Праламентинин спикери Куртулмуш Түркиянын үлгүлүү демократиясы менен өз аймагында үлгү боло турган тажрыйбага ээ экендигин айтты.
Куртулмуш сириялыктардын тынч жана коопсуздук ичинде кайтууларынын негизги алдыңкылыктарынын бири экендигин белгиледи.
Палестина маселесинин да Түркия үчүн улуттук маселе экенин баса белгилеген Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери: «Бул маселени акырына чейин коргоо биздин милдетибиз»,-деди.