Хакан Фидандын Израилге жана ПККга реакциясы
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы (TBMM) бюджет талкууларында баяндама жасады.
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Сирияда террордук уя курууга уруксат берилбей турганын билдирди.
Хакан Фидан Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы (TBMM) бюджет талкууларында баяндама жасады.
Израилдин эл аралык мыйзамдарды көрмөксөнгө салып, баскынчы бир ой-жүгүртүү менен Сириянын жеринин бүтүндүгүн бутага алганын белгилеген министр Фидан : «Газаны талкалаган Израиль эми сириялык бир туугандарыбыздын келечегин коркутууда»,-деди.
Хакан Фидан Израилде баскынчы ой жүгүртүүнүн өзгөрбөгөнүн баса белгилеп: «Түркия катары сириялык бир туугандарыбыздын ар дайымкыдай жанында турууну улантабыз»,-деди жана Түркиянын Сириянын улуттук биримдигине, ырааттуулугуна, эгемендигине, жеринин бүтүндүгүнө жана гүлдөп-өсүшүнө чоң маани бергенин айтты.
Сирияда террор уясынын курулушуна уруксат берилбей турганын баса белгилеген Тышкы иштер министри: «Сириянын террордун уюгуна айланышына жол бербейбиз. ДЕАШ менен ПККнын учурдагы абалды өз кызыкчылыгына пайдаланышына жол бербөө үчүн эмне керек болсо кылабыз. Учурдагы кырдаалга байланыштуу көп өлчөмдүү жана динамикалык стратегияларды иштеп чыгуу менен терроризмге каршы күрөштү улантабыз»,-деди.