Фидан: «Түркияга болгон жактырууну арттырган саясатты карманабыз»

Фидан 15-Элчилер конференциясынын алкагында Түркия Улуу Улуттук Жыйынына элчилер менен барды.

2219589
Фидан: «Түркияга болгон жактырууну арттырган саясатты карманабыз»

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Түркиянын көп өлчөмдүү жана катмарлуу тышкы саясат стратегиясынын негизинде тынчтык жана ырааттуулукка жетишүү аракетине салым кошкондорун белгиледи.

Фидан 15-Элчилер конференциясынын алкагында Түркия Улуу Улуттук Жыйынына элчилер менен барды.

Бул жерде сөз сүйлөгөн Фидан, Газадагы геноцидди токтотуу жана эки мамлекеттүү чечимди колдоо үчүн эл аралык деңгээлде таасирдүү саясаттарды жүргүзүшкөндөрүн жана мунун Түркияга болгон жактырууну дүйнөлүк масштабда арттырганын белгиледи.

Фидан Түркиянын кызыкчылыктарын жана орток баалуулуктарын караган «Түркия кылымы» көз карашынын өлкөнүн натыйжалуулугун арттырууну максат кылганын баса белгиледи.

Ошондой эле Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын дипломатиялык иш-чаралары Түркиянын эл аралык аренадагы эффективдүүлүгүн арттырганын айтты.

Министр Фидан Элчилер конференциясынын быйылкы темасынын «Түркиянын дипломатиялык кадамдары жана глобалдык чагылыштары» экенин жарыялап, Тышкы иштер министрлиги катары бардык мекемелер менен ынтымакта иштей тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар