Эрдоган: «Сирияда тынчтыктын эшиктери ачылды»

Президент Эрдоган өзү төрагалыгын кылган Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) Конгресс борборундагы «Бүткүл дүйнөлүк адам укуктары күнү бир туугандыктын жүзү» программасына катышты.

2219564
Эрдоган: «Сирияда тынчтыктын эшиктери ачылды»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, кандуу Баас режиминин бүтүшү менен Сирияда тынчтык жана коопсуздуктун эшиктери ачылганын айтты.

Президент Эрдоган өзү төрагалыгын кылган Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) Конгресс борборундагы «Бүткүл дүйнөлүк адам укуктары күнү бир туугандыктын жүзү» программасына катышты.

Түркиянын ар дайым эзилгендердин жанында экенин баса белгилеген Эрдоган, террордук уюм ДЕАШ Сириянын Айнулараб аймагына кол салганда (2014-жылдын сентябрь айында) Түркиянын жүз миңдеген сириялык күрттү түн ичинде кабыл алган өлкө болгонуна көңүл бурду.

Эрдоган: «Газадагы мыкаачылыкта да, Сирия кризисинде да бир туугандарыбызды эч качан жалгыз калтырган жокпуз.Эшигибизге келген эч кимден түркпү, араппы, күртбү деп сураган жокпуз. Биз жардам сурагандардан мусулманбы, христианбы же еврейби деп сураган жокпуз.Биринчи күндөн баштап бул маселе боюнча биздин позициябыз ачык, сөзүбүз, ишибиз ачык көрүнүп турат», - деп айтты.

Түркиянын Сирия кризисине ар дайым абийир менен мамиле кылганын баса белгилеген Эрдоган: «Биз Түркияга баш калкалагандардан ак же кара деп сураган жокпуз. Ким экенине карабай, өлкөбүздүн гана эмес, жүрөгүбүздүн эшигин да ачтык. Кандуу Баас режиминин бүтүшү менен Сирияда тынчтык жана коопсуздуктун эшиктери ачылды»,-деди.

Президент Сириядагы Баас режиминен качып Түркияга баш калкалагандардын өз ыктыяры менен кайтып келишин татыктуу аткара тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар