Эрдоган : «Израиль өкмөтүнүн өжөрлүк менен басып өткөн жолу, ачык айтканда, жол эмес»
Президент Эрдоган Президенттик комплексинде 15-Элчилер конференциясында катышуучуларга кайрылуу жасады.
Президент Режеп Таййип Эрдоган : «Израиль өкмөтүнүн өжөрлүк жана тырышуу менен басып өткөн жолу, ачык айтканда, жол эмес»,-деди.
Президент Эрдоган Президенттик комплексинде 15-Элчилер конференциясында катышуучуларга кайрылуу жасады.
Израилдин Газа жана басып алган Палестина жерлеринде 14 айдан бери уланып жаткан кыргынынын 70 пайызы балдар жана аялдар болгон 50 миңден ашуун палестиналыктын өмүрүн алганын баса белгилеген Эрдоган, бул өлкөдөгү азыркы башкаруу аймактагы көйгөйлөрдү ого бетер татаалдаштырып, чабуулдарын улантып, күн сайын жаңысын кошуп жатканын эскертти.
«Көбүрөөк кан төгүү жана бейкүнөө жарандарга дагы көп бомба таштоо менен коопсуздукка жетишүү мүмкүн эмес. Израиль өкмөтүнүн өжөрлүк жана тырышуу менен басып өткөн жолу, ачык айтканда, жол эмес. Бул Газа жана Палестина үчүн болгондой эле Сирия үчүн да жарактуу»,-деп айтты.