Тышкы иштер министри Антонио Гутерреш менен телефон аркылуу сүйлөштү
Министрлик булактарынан алынган маалыматка караганда Фидан менен Гутеррештин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Сирия жана аймактагы акыркы абалга баа берилди.
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерреш менен Сирияга байланыштуу телефон аркылуу сүйлөштү.
Министрлик булактарынан алынган маалыматка караганда Фидан менен Гутеррештин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Сирия жана аймактагы акыркы абалга баа берилди.
Сүйлөшүүдө Сирияда саясий өткөөлдүн ирээттүү камсыздалышы, өлкөгө гуманитардык жардамдын жеткирилиши жана Сириянын кайра курулушу үчүн эл аралык коомчулук, өзгөчө БУУнун таштай ала турган кадамдары тууралуу пикир алмашылды.
Хакан Фидан АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен да телефон аркылуу сүйлөштү.
Министр Фидан кесиптеши Блинкенге Сириянын жеринин бүтүндүгү жана саясий биримдигинин маанисине басым жасап, Түркиянын Сириядагы абалдан террордук уюмдардын өз кызыкчылыгына пайдаланышына уруксат бербей тургандыгын айтты.
Эл аралык коомчулуктун Сирия калкынын жылдардан бери кароосуз калган инфраструктурасын кайра курууда колдоо көрсөтүүсүнүн маанилүү экенин белгилеген Фидан, бул өлкөгө гуманитардык жардамдын үзгүлтүксүз жеткирилиши үчүн аракет кылынышы керектигин белгиледи.
Сирияда 27-ноябрда режим күчтөрү менен каршы куралдуу топтордун ортосунда кагылышуу күчөгөн.
7-декабрда борбор шаар Дамаскка кире баштаган куралдуу топторго калың элдин колдоосу менен борбор шаар Дамаск жана башка көптөгөн аймактарда башкарууну толугу менен жоготуп, кулады.
Жекшемби күнү Баас партиясынын 61 жылдык бийлиги акырына чыгып, редимдин лидери Башар Асад борбор шаардан качып кетти.
Тектеш кабарлар
«Көгүлтүр мекен-2025» машыгуусу аяктады
Бул боюнча Улуттук Коргоо министрлиги (УКМ) билдирүү жасады.