Түркия Израилди айыптады

Тышкы иштер министрлиги жазуу жүзүндөгү билдирүү жасады.

2219011
Түркия Израилди айыптады

Түркия Израилдин Сирия менен ортосундагы буфердик зонага кирип илгерилөөсүн улантып жатканын айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу жүзүндөгү билдирүүсүндө: «Израилдин 1974-жылы кол коюлган Күчтөрдү чыгаруу келишимин бузуп Израиль менен Сириянын ортосундагы буфердик зонага киришин жана Сириянын аймагында илгерилешин катуу айыптайбыз», деп маалымдалды. 

«Сирия эли көптөгөн жылдардан бери эңсеп келген тынчтык жана ырааттуулукка жетишүү мүмкүнчүлүгү пайда болгон ушул сезимтал мезгилде Израилдин кайрадан баскынчы ой жүгүртүүсүн көрсөтүп жатканы» баса белгиленген билдирүүдө: «Сириянын эгемендигин, саясий биримдигин жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганыбызды чечкиндүү түрдө кайталайбыз»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар