Президент кабинет жыйынынан кийин билдирүү жасады

Президент Режеп Таййип Эрдоган :"Жүрөгүбүздүн жарымы Газиантеп, Хатай, Шанлыурфа, экинчи жарымы Африн, Халеп, Хама, Хомс, Дамаск»,- деди.

2218766
Президент кабинет жыйынынан кийин билдирүү жасады

Президент Режеп Таййип Эрдоган :"Жүрөгүбүздүн жарымы Газиантеп, Хатай, Шанлыурфа, экинчи жарымы Африн, Халеп, Хама, Хомс, Дамаск»,- деди. 

Президент Эрдоган кабинет жыйынынан кийин элге кайрылуу жасады.

"Аймагыбыз маанилүү окуяларга күбө болууда",- деген Эрдоган коңшу Сирияда 13 жылдан бери уланып жаткан жарандык согуштун мурунку күнү режимдин кулатылышы менен жаңы бир чен-өлчөмгө ээ болгонуна көңүл бурду.

Эрдоган сөзүн төмөнкүчө улантты : «Халеп, Хама, Хомс  акырында Дамаск Сириянын түпкү ээлеринин көзөмөлүнө өтүп, 61 жылдан бери кан, зулумдук менен жашап келген Баас диктаторлугу  да толугу менен кулады.  Берилген убадаларга карабастан көптөгөн жылдардан бери жикчил террордук уюмдун басып алуусунда болгон Тел Рыфат жана Манбиждин террористтерден тазаланышын ыраазычылык менен кабыл алабыз".

Эрдоган кулатылган режимдин душмандык мамилесине карабастан, бардык шартта Сириянын жеринин бүтүндүгүн жана унитардык түзүлүшүн коргоону жактагандарын белгилеп "Жүрөгүбүздүн жарымы Газиантеп, Хатай, Шанлыурфа, экинчи жарымы Африн, Халеп, Хама, Хомс, Дамаск»,- деди. 

Сирияда 27 - ноябрда режим күчтөрү менен каршы куралдуу топтордун ортосунда кагылышуу күчөдү.

7-декабрда борбор шаар Дамаскка кире баштаган куралдуу топторго калың элдин колдоосу менен борбор шаар Дамаск жана башка көптөгөн аймактарда башкарууну толугу менен жоготуп, кулады.

Жекшемби күнү да Баас партиясынын 61 жылдык бийлиги  кулап, режим лидери  Башар Асад борбордон качып кетти.



Тектеш кабарлар