Президент Эрдоган Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Сүйлөшүүдө Сириядагы акыркы абалдар, аймактык жана глобалдык маселелер талкууланды.

2219151
Президент Эрдоган Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Сириядагы акыркы абалдар, аймактык жана глобалдык маселелер талкууланды.

Президент Эрдоган сүйлөшүүдө Түркиянын Сирияда туруктуулуктун түзүлүшү үчүн Сирия калкына колдоо көрсөтүүнү улантарын айтты.

Азербайжандын президенти Алиев да Сириядагы жаңы абал тууралуу ыраазы экендигин билдирди. 

 



Тектеш кабарлар