Эрдоган: «Сириянын дагы бир жолу бөлүнүшүнө жол бербейбиз»

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагалыгын да кылган, президент Эрдоган борбор шаар Анкарадагы кеңейтилген облус башчыларынын жыйналышында сүйлөгөн сөзүндө Сириядагы абалга токтолду.

2219178
Эрдоган: «Сириянын дагы бир жолу бөлүнүшүнө жол бербейбиз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сириянын дагы бир жолу бөлүнүшүнө жол бербей тургандарын айтты.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагалыгын да кылган, президент Эрдоган борбор шаар Анкарадагы кеңейтилген облус башчыларынын жыйналышында сүйлөгөн сөзүндө Сириядагы абалга токтолду.

Сириянын 61 жылдык Баас диктатурасынан кийин жарык күндөрдү көргөнүн, Сирия калкы үчүн бакубат жана бактылуу келечектин эшиги ачылганын белгилеген Эрдоган, ДЕАШ, ПКК/ПЙД сыяктуу террордук уюмдардын эң кыска убакытта талкаланарын айтты.

Сириянын дагы бир жолу бөлүнүшүнө жол бербей тургандарын баса белгилеген президент, Сирия аймагынын кайра кагылышуу аймагына айланышына эч качан макул болбой тургандарын баса белгиледи.

Эрдоган Түркиядагы сириялык баш калкалоочулардын ыктыярдуу, коопсуз, ардактуу жана иреттүү түрдө өлкөсүнө кайтуулары үчүн керектүү шарттарды камсыздай тургандарын, Сириянын калыбына келүү процессине ар тараптан колдоо көрсөтүүнү уланта тургандарын белгиледи.

Президент : «Бир тууган Сирия элинин үйлөрүнө кайтууларына тоскоол болгон эч кандай кадамды же провокацияны кабыл ала албайбыз. Сирия элинин эркиндигине, Сириянын жаңы башкаруучулугунун ырааттуулугуна жана байыркы Сирия жерлеринин бүтүндүгүнө жасалган кандай гана кол салуу болбосун, Сирия эли менен бирге бизди да көрөт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар