Эрдоган 10-декабрь Адам укуктары күнүнөн улам билдирүү жарыялады

Эрдоган: "Бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз менен Палестиналык боордошторубуздун жанында болдук, болууну улантуудабыз"

2219127
Эрдоган 10-декабрь Адам укуктары күнүнөн улам билдирүү жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сирияда 13 жылга созулган жарандык согуштан кийин бүчүрлөнгөн тынчтык, ырааттуулук жана бейпилдик үмүттөрүнүн кубатталганын айтты.

Президент Эрдоган 10-декабрь Адам укуктары күнүнөн улам билдирүү жарыялады.

Адам укуктарынын жалпы декларациясы бар болсо дагы дүйнөнүн көптөгөн жерлеринде эң негизги укуктардын одоно түрдө бузулушуна жана адамдык баалуулуктардын көз жаздымда калтырылышына тоскоол боло албаганын баса белгилеген Эрдоган, декларациянын бүткүл дүйнөнүн көз алдында бузулган жерлеринин башында Газа жана басып алынган Палестина турганын айтты.

Өздөрүн укук коргоочубуз дегендердин Палестинадагы кыянатчылыктарга жөн гана көрүүчүлөр сыяктуу карап турганына көңүл бурган Президент: "Бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз менен Палестиналык боордошторубуздун жанында болдук, болууну улантуудабыз. Газа жана башка Палестина жерлеринде ок атышпоонун камсыздалышы жана туруктуу тынчтыктын орношу үчүн аракеттерибизди улантып жатабыз»,-деди. 

Президенттин күн тартибинде Сириядагы окуялар да бар эле.

Сирияда 60 жылдан ашкан Баас диктатурасы жана 13 жылдык жарандык согуштан кийин бүчүрлөнгөн тынчтык, ырааттуулук жана бейпилдик үмүтүнүн кубатталганын билдирген Эрдоган: "Сириялык боордошторубуздун өлкөсүн кайра куруу аракеттерине бардык зарыл колдоолорду көрсөтөбүз",-деди.

Президент Эрдоган, негизги укук жана эркиндиктерге карата коркунучтардын эң башында турган маданий расизм жана исламофобияга каршы күрөштүн да ушундай эле чечкиндүүлүк менен уланып жатканын белгилеп: "Адамзаттын ээ болгон укуктарын коргоо жана бул укуктарды тебелеген иш-аракеттерди токтотуу бардык өлкөлөргө жүктөлгөн глобалдык милдеттенме»,-деди.



Тектеш кабарлар