Түркиядагы сириялыктар өз өлкөсүнө кайтууда

Рейханлы районундагы чек ара бекетинде сириялыктар паспорттук иштер үчүн таң эрте кезекке турушту.

2218500
Түркиядагы сириялыктар өз өлкөсүнө кайтууда

Өлкөсүндөгү жарандык согуш учурунда Түркияга баш калкалаган сириялыктар 61 жылдык Баас режими кулатылгандан кийин кайра кайтуу үчүн Хатайдагы Жилвегөзү чек ара бекетине жык толушту.

Рейханлы районундагы чек ара бекетинде сириялыктар паспорттук иштер үчүн таң эрте кезекке турушту.  

Адем Мухаммед Зин кичи мекени Дамаскка баруу үчүн жолго чыгышканын айтты.

Көп жылдардан кийин өлкөсүнүн боштондукка чыгышына кубанып жатышканын билдирген Зин: "Жолубуз ачылды, Асад кетти, согуш бүттү. 10 жылдан бери Стамбулда элем. Түрктөрдөн Аллах ыраазы болсун, бизге чоң жардам беришти»,- деди.

Али Хасико болсо кичи мекени Хамага кайтууну 12 жылдан бери күткөндөрүн маалымдады.

Түркияга ыраазычылыгын билдирген Хасико: «Бизге эшигин ачкан Түркияга рахмат айтам»,-деди.

Ибрахим Ел Мута да 6 кишилик үй-бүлөсү менен Хамага барууну күтүп жатышканын айтты.

Түркияда 11 жылга жакын убакыттан бери жүргөндөрүн белгилеген Аль Мута: «Кудайга шүгүр, согуш бүттү. Түркия абдан сонун, бирок биздин мекенибиз Сирия»,-деди.



Тектеш кабарлар