Сириянын Стамбулдагы башкы консулдугуна «революция желеги» илинди

Кечээ Баас партиясынын өлкөдөгү 61 жылдык башкаруусу кулатылган.

2218553
Сириянын Стамбулдагы башкы консулдугуна «революция желеги» илинди

Сириянын Стамбулдагы башкы консулдугуна 61 жылдык Баас режими кулагандан кийин «революция желеги» илинди.

Кечээ башкы консулдуктун балконунан кызматкерлер тарабынан алынып салынган режимге таандык желектин ордуна бүгүн эртең менен «Сирия революциясынын желеги» илингени көрүндү.

Сирияда 27-ноябрда режим күчтөрү менен ага каршы куралдуу топтордун ортосунда кагылышуу күчөгөн.

7-декабрда борбор шаар Дамаскка кире баштаган топторго элдин колдоо көрсөтүшү менен режим бул жерде жана башка көптөгөн аймактарда көзөмөлүн жоготкон.

Кечээ да Баас партиясынын өлкөдөгү 61 жылдык башкаруусу кулатылган.



Тектеш кабарлар