Куртулмуш бюджет сүйлөшүүлөрүнүн ачылышында сөз сүйлөдү

Куртулмуш: «Эркин жана демократиялуу Сириянын түзүлүүсү үчүн Түркия катары өз милдетибизди аткарууга аракет кылабыз».

2218652
Куртулмуш бюджет сүйлөшүүлөрүнүн ачылышында сөз сүйлөдү
numan kurtulmus.jpg
cevdet yilmaz.jpg

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төргасы Нуман Куртулмуш Сирияда тарыхый бурулуш болгонун айтты.     

Нуман Куртулмуш Парламенттин жалпы жыйынында 2025-жылдын бюджет сүйлөшүүлөрүнүн ачылышында сөз сүйлөдү. 

«Эркин жана демократиялуу Сириянын түзүлүүсү үчүн Түркия катары өз милдетибизди аткарууга аракет кылабыз»,-деген Куртулмуш: «Түркиянын негизги приоритеттеринин бири да – көптөгөн жылдардан бери өлкөбүздө коноктолгон иммигранттардын коопсуз жана ыктыярдуу түрдө өз өлкөсүнө кайтуусун камсыздай турган процессти тездетүү»,-деди.

Парламенттин жалпы жыйынында 2025-жылдын бюджетин талкуулоодо сөз сүйлөгөн вице-президент Жевдет Йылмаз Сириядагы окуяларга да баа берди.

Сириядан Түркияга багытталышы мүмкүн болгон террор коркунучтарына каршы бардык чаралардын көрүлгөнүн айткан Жевдет Йылмаз: «Сириялык боордошторубуз аман-эсен, коопсуз жана өз ыктыярлары менен өлкөсүнө кайтышат»,-деди.



Тектеш кабарлар