Фидандын дипломатиялык сүйлөшүүлөрү

Хакан Фидан Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавский, Пакистандын тышкы иштер министри Мухаммед Исхак Дар, Латвиянын тышкы иштер министри Байба Бразе жана британиялык кесиптеши Ламми менен телефон аркылуу сүйлөштү.

2218414
Фидандын дипломатиялык сүйлөшүүлөрү
cekya disisleri jan lipavsky-fidan.jpg
pakistan disisleri bakani muhammed ishak dar-hakan fidan.jpg

Тышкы иштер министри Хакан Фидан дипломатиялык сүйлөшүүлөрүн улантууда.

Хакан Фидан Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавский, Пакистандын тышкы иштер министри Мухаммед Исхак Дар, Латвиянын тышкы иштер министри Байба Бразе жана британиялык кесиптеши Ламми менен телефондо Сириядагы абалды сүйлөштү.

Фидандын Чехиянын тышкы иштер министри Липавский менен телефондук сүйлөшүүсүндө Сириядагы акыркы абалдар каралып, Сириянын жеринин бүтүндүгү жана саясий биримдигинин алкагында тынчтыктын орнотулушу керектиги баса белгиленди.

Министр Фидандын пакистандык кесиптеши менен сүйлөшүүсүндө да, туруктуу жана гүлдөгөн Сирия үчүн террордук уюмдарга каршы күрөштүн улантылышынын маанисине басым жасалды.

Фидандын Латвиянын тышкы иштер министри Байба Бразе менен сүйлөшүүсүндө болсо Сириядагы окуялар жана ыктымалдуу аймактык таасирлери талкууланды.

Фидандын британиялык кесиптеши Ламми менен телефондук сүйлөшүүсүндө да Сириядагы акыркы абалдар каралып, бул өлкөдөгү кырдаалдын глобалдык жана аймактык деңгээлде терс натыйжаларга алып келишине бөгөт боло турчу кадамдарга баа берилди.



Тектеш кабарлар