Фидан Дохадагы маалымат жыйынында сөз сүйлөдү

Фидан: «Сирия эли өз өлкөсүнүн келечегин кайрадан түзөт»,-деди.

2218336
Фидан Дохадагы маалымат жыйынында сөз сүйлөдү

Тышкы иштер министри Хакан Фидан: «Кандайдыр бир (жикчил террордук уюм) ПКК уландысы Сирияда мыйзамдуу тарап катары каралышы мүмкүн эмес, сүйлөшүүчү тарап да боло албайт»,- деди.  

Хакан Фидан Катардын борбор шаары Дохада өткөрүлгөн Доха 2024 форумунда Сириядагы абалдарга байланыштуу маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Кечээ эртең менен Башар Асад режиминин кулатылышы менен Сириянын жаңы баскычка жеткенин белгилеген Фидан: «Сирия эли өз өлкөсүнүн келечегин кайрадан түзөт»,-деди.

"Түркия Сириянын улуттук биримдигине, ырааттуулугуна, эгемендигине жана жеринин бүтүндүгүнө чоң маани берип, Сирия элинин жыргалчылыгын да ойлойт. Бул мааниде өлкөсүн таштап кетүүгө аргасыз болгон миллиондогон сириялыктар эми өз өлкөсүнө кайта алышат" деген Фидан, жаңы башкаруунун тартиптүү түрдө түзүлүүсү, камтуучулук принцибинин эч качан бузулбашы керектигин, азыр биригүү жана өлкөнү кайра куруу учуру экендигин баса белгиледи.

Сириядагы бардык тараптардын процесске кошулушу жана Түркиянын бул темадагы сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу суроого Фидан, Сириянын түндүгүндө толугу менен мыйзамдуу күрт партиялары бар экенин, алар узак убакыттан бери оппозициялык күчтөрдүн бир бөлүгүнө айланганын айтып «Бирок ПККнын кандайдыр бир уландысы Сирияда мыйзамдуу тарап катары каралышы мүмкүн эмес, сүйлөшүүчү тарап да боло албайт»,- деди.



Тектеш кабарлар