Эрдоган Газиантепте жаштар менен жолугушту

Эрдоган: "Алдыдагы 2-3 ай биз үчүн абдан маанилүү".

2218392
Эрдоган Газиантепте жаштар менен жолугушту

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Израилдин геноцидчи премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Эл аралык кылмыш сотунун (ICC) чечимине баш ийүүсүн күтпөгөнүн, бирок бул чечимдин Израилге каршы чыккан өлкөлөрдүн намыс күрөшүүсүндө жеңишке жетиши жагынан маанилүү экенин айтты.

Президент Эрдоган дем алыш күндөрү барган Газиантепте жаштар менен жолугушту.

Бир студенттин: "Эл аралык кылмыш сотунун Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну камакка алуу чечимин кандай баалайсыз?" деген суроого Эрдоган: «Эл аралык кылмыш соту абдан туура чечим чыгарды. Бирок Нетаньяху буга чейин чыгарылган чечимдерге эч качан баш ийген эмес. Буга да баш ийбейт. Баш ийеби же жокпу, бул чечимдин кабыл алынышы Израилге каршы өлкөлөрдүн намыс күрөшүүсүндө жеңишке жеткенин билдирет. Бул абдан маанилүү эле»,-деди.

Дүйнөнүн такыр башкача процесстен өтүп жатканын билдирген Эрдоган: «Азыр Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) Дональд Трамп жетекчилиги келди. АКШдагы жаңы башкаруу Трамп менен кантип түзүлөөрүн да көрөбүз. Булардын бардыгы менен бирге дүйнө өзгөрүүдө. Ошондуктан алдыдагы 2-3 ай биз үчүн абдан маанилүү»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар