Элчилердин 15-Конференциясы Фидандын сөзү менен башталды
Тышкы иштер министрлиги тарабынан жыл сайын уюштурулуп келе жаткан Элчилердин 15-Конференциясы башталды.
Тышкы иштер министри Хакан Фидан, келечекте ар түрдүү этникалык жана диний топтордун тынчтыкта жана камтыган башкаруу түшүнүгү менен жашаган Сирияны каалашкандарын айтты.
Тышкы иштер министрлиги тарабынан жыл сайын уюштурулуп келе жаткан Элчилердин 15-Конференциясы башталды.
Конференция борбор шаар Анкарада «Түркиянын дипломатиялык кадамдары жана глобалдык чагылыштары» деген темада өтүүдө.
Конференцияга Түркиянын 146 элчилигинде жана 13 туруктуу өкүлчүлүгүндө иштеген элчилерден тышкары Тышкы иштер министрлигинин борбордук уюмунда иштеген көптөгөн элчилер жана жогорку даражалуу кызматкерлер катышууда.
13-декабрга чейин улана турган конференциянын алкагында аймактык жана тематикалык баа берүү сессияларында түрк тышкы саясатын жакындан кызыктырган аймактык жана глобалдык маселелер боюнча кеңири кеңешмелер өткөрүлөт.
Конференциянын ачылыш сөзүн тышкы иштер министри Хакан Фидан жасады.
Сириядагы кечээки окуялардын үмүт шооласы болгонун баса белгилеген Фидан : «Бардык эл аралык актёрлор, өзгөчө Бириккен Улуттар Уюму Сирия калкына жакындап, камтыган өкмөттүн курулушуна колдоо көрсөтүүсүн күтөбүз»,-деди.
Сирияда туруктуу чечим, тынчтык жана ырааттуулуктун улуттук ынтымак менен гана камсыздала турганын эң башынан бери айткандарын эске салган Фидан : «Бирок бардык аракеттерибизге жана ага берилген мүмкүнчүлүктөрүбүзгө карабастан, режим эл менен жарашууну көздөгөн жок. Айрыкча, президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын алдыдагы процессти көрөбилүү менен жасаган чакырыктарына режимдин оң жооп бербегени, биздин канчалык туура экенибизди көрсөткөн окуяларга себеп болду»,-деди
Бул учурда Сирияда жаңы бир доордун башталганын баса белгилеген министр Фидан: «Учурда келечекке көңүл буруу зарыл. Келечекте биз ар кандай этникалык жана диний топторду камтыган башкаруу түшүнүгү менен тынчтыкта жашаган Сирияны каалайбыз. Коңшулары менен жакшы мамиледе боло турган, өз аймагына тынчтык жана туруктуулук алып келе турган жаңы Сирияны көргүбүз келет. Биз бул үчүн зарыл болгон колдоону көрсөтүүгө даярбыз», - деди айтты.
Сирияда 27-ноябрда режим күчтөрү менен ага каршы куралдуу топтордун ортосунда кагылышуу күчөгөн.
7-декабрда борбор шаар Дамаскка кире баштаган топторго эл массасынын колдоо көрсөтүүсү менен режим бул жерде жана башка көптөгөн аймактарда толугу менен көзөмөлүн жоготуп, кулады.
Кечээ өлкөдө Баас партиясынын 61 жылдык башкаруусу соңуна чыгып, режим лидери Башар Асад баш калаадан качып кетти.