Гүлер менен Остин Сирия маселесин талкуулашты

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта Гүлер менен Остиндин бүгүн телефон аркылуу сүйлөшкөнү билдирилди.

2218219
Гүлер менен Остин Сирия маселесин талкуулашты

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) коргоо министри Ллойд Жеймс Остин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта Гүлер менен Остиндин бүгүн телефон аркылуу сүйлөшкөнү билдирилип: «Анда эки тараптуу жана аймактык коргонуу жана коопсуздук темалары, өзгөчө Сириядагы акыркы абалдар тууралуу пикир алмашылды» деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар