Фидан: «Сирияда биримдиктин мезгили келди»
Министр Фидан Катардын борбор шаары Дохада билдирүү жасады.
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Түркия катары Сирияда тынчтыктын орношу үчүн колдон келгендин баарын кыла тургандарын айтты.
Министр Фидан Катардын борбор шаары Дохада билдирүү жасады.
Сирия калкынын (Башар Асад режиминин бүтүшү менен) өлкөсүнүн келечегин кайра түзө турганын баса белгилеген Фидан, Сириянын эгемендигине жана жеринин бүтүндүгүнө маани бергендерин айтты.
Өлкөсүн таштап кетүүгө аргасыз болгон миллиондогон сириялыктын эми өз өлкөсүнө кайта ала турганын баса белгилеген Хакан Фидан : «Камтуучулук принциби эч качан бузулбашы керек»,-деди.
Хакан Фидан террордук уюм ПККнын кандайдыр бир уландысынын Сирияда мыйзамдуу бир тарап катары каралышы мүмкүн эместигин жана сүйлөшүүдө жолуга турган тарап боло албасын белгиледи.
Башар Асаддын кайда экендиги тууралуу сереп сала албасын белгилеген Фидан : «(Асад) балким Сириянын тышында»,-деди.
«Урматтуу президентибиз Режеп Таййип Эрдоган акыркы бир нече айдан бери Асадга жетүүгө аракет кылды, бирок бул аракеттерден майнап чыккан жок»,-деп айтканХакан Фидан: «Сириядагы көйгөйлөрдү жакындан билебиз. Режим акырындык менен кулап, биз да көрүп жатканбыз. Алар менен эч кандай байланышыбыз болгон эмес», - деп билдирүү жасады.
Тектеш кабарлар
«Көгүлтүр мекен-2025» машыгуусу аяктады
Бул боюнча Улуттук Коргоо министрлиги (УКМ) билдирүү жасады.